40 КЫЗ ДОЛБООРУНДАГЫ КАТЫШУУЧУЛАРДЫН КӨЙНӨГҮН ТИГИП БЕРГЕН ЖАШ ДИЗАЙНЕР ЖЫРГАЛБЕК КЫЗЫ УРУМКАН

12 март күнү, 40 кыз долбоорунун алкагында жана кыргыз кыздардын нукура жүзүн жана баалуулуктарын коомчулукка алып чыгуу максатында 40 райондон келген кыздар арасында сынак болуп өттү. Долбоорго катышкан 40 кыздан сырткары, катышуучулардын көйнөктөрүн тигип берген дизайнерлер арасында дагы сынак болду. Аталган сынакка ЭИТУнун “Кийим дизайны” бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү жана Инновациялык технологиялар экономика колледжинин  мугалими 23 жаштагы Жыргалбек кызы Урумкан катышкан. Жыргалбек к. У. сынакка ат салышкан катышуучуга  эки улуттук калориттеги көйнөк тигип, жыйынтыгында 40 дизайнердин ичинен 7 орунду ээлеп атайын сыйлык ыйгарылып,  андан сырткары 40 кыз долбооруна активдүү катышкандыгы үчүн диплом менен сыйланды.

“Эки улуттук калориттеги көйнөктү тиккенге 1 жума убакыт талап кылынды. Көйнөктүн боорунда оюлар тушүрүлгөн сүрөт тартылган. Баш кийими дагы көйнөккө жарашыктуу болду. Мындай сынактар өткөрүлүп турса, жаш дизайнерлер үчүн бир топ стимул болмок” – деп билдирди катышуучу.

Жаш дизайнерлердин катарын толуктаган Жыргалбек к.У. учурда ЭИТУнун астындагы ИТЭК колледжинде мугалим болуп эмгектенет. Өзүнүн автордук коллекцияларын дайыма атайын дизайнерлер үчүн уюштурулган  көргөзмөлөргө коюп келет. Буга катар көйнөк тигип бер деп суранган кардарлар дагы жок эмес. Анын ичинен чет жерден келген туристтер дагы бар.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *